Баткенде жабыркагандардын документтери калыбына келтирилүүдө

Каттоо кызматынын Баткен, Лейлек райондорунун жана Сүлүктү шаарынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасындагы чек ара жаңжалынан жапа чеккен жарандарды документтештирүү иштерин улантышууда. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алар Баткен шаарында, Көк-Таш жана Максат айылдарында иштеп жатышат. Ал үчүн, көчмө калкты тейлөө борборлору жер-жерлерде жайгаштырылды. Учурда Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдагы үлгүсүндөгү ID-карта паспортторун даярдоого үчүн 47 арыз, 34 туулгандыгы тууралуу күбөлүктү, 10 нике күбөлүгүн жана каза болгондугу жөнүндө 7 күбөлүктү калыбына келтирүү боюнча арыздар кабыл алынды. Лейлек районунун Максат айылында жашаган 3 этникалык кыргыз Кыргыз жарандыгын алуу үчүн арыз менен кайрылышты.

Мындан тышкары, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жергиликтүү бөлүмдөрү тарабынан Максат айылындагы башаламандык учурунда айдоочулардын жоголгон документтерин калыбына келтирүү иштери жүргүзүүдө. Учурда 12 айдоочулук күбөлүктү жана автоунаалардын каттоо күбөлүктөрүн калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Юстиция министрлигинин Ош жана Баткен аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жабырлануучуларга акысыз юридикалык консультацияларды да көрсөтүп жатышат.