Баткенде жабыркагандардын эсебине 82 миллион сомдон ашуун каражат топтолду

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атайын эсебине 82 миллион 604 миң 500 сом каражат топтолду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, облустук башкармалыктын атайын эсебине Кыргызстандын бардык облустары, район-шаар, айыл аймактар, ири өндүрүш ишканалары, курулуш компаниялары, коомдук уюмдар, чет өлкөлөрдөгү мекендештер колдоо көрсөтүүдө. Ошондой эле өлкө аймагындагы жүздөгөн мекеме ишканалар бир күндүк маяналарын которушса, катардагы жарандар, жеке ишкерлер да жардамын көрсөткөн.