Баткенде жабыркагандардын укугун коргоп жүргөн Гүлгакы Мамасалиеваны тажик тарап бошоткону айтылды

Баткенде жабыркагандардын укугун коргоп жүргөн Гүлгакы Мамасалиеваны тажик тарап бошоткону айтылды. Бул тууралуу соцтармактын колдонуучулары жазып чыгышты.

«Гүлгакы эжеде баары жакшы. Лейлек РИИБ, завтаванын командири менен байланыштык. Алар анда баары жакшы экенин айтышты», — деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин Гүлгакы Мамасалиеваны Кулунду тилкесинен тажиктер кармап кеткени айтылган эле.