Баткенде жалпы 45 үй толук бүттү

«2022-жыл өлкөнүн тарыхында Өзбекстан менен мамлекеттик чек ара сызыгы толугу менен аныкталган жыл катары калат. Чек араларыбыз 200 миң 105 чарчы километрге чейин кеңейди». Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

«Жалпыбыз үчүн чоң сыноо болгон Баткен окуяларын татыктуу өттүк. Элден 386 миллион сом чогулса, мамлекет калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн тийиштүү каражаттарды табууга жетишти. Азыр сапаттуу үйлөр салынууда. Кечээ дагы 30 үйдү пайдаланууга бердик, жалпысынан 45 үй толук бүттү. Калган үйлөрдүн алды аяктоо алдында, 80-90 пайыз жумуштар аткарылган», — деди Акылбек Жапаров.