Баткенде жаңжалда документин жоготкон 17 жаран жаңы паспорт алышты

Баткендеги чек ара жаңжалында документтерин жоготкон жарандарга Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери жеринде документтерди кабыл алууну жүргүзүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүнкү күнгө Каттоо кызматы тарабынан ID-кард үлгүсүндөгү паспорт алуу үчүн 49, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн 2, нике күбөлүгүн алуу үчүн 1 жарандын арызы кабыл алынган. Бүгүн 18-майда, 17 жаран паспортторун алышты.

Кырдаалга байланыштуу Баткен шаарындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын жарандарды кабыл алуу борбору (ЦОН) иштөө тартибин өзгөртүп, эртең мененки саат 8:00дөн кечки саат 20:00гө чейин иштеп, документтерди кабыл алуу жүрүп жатат.