Баткенде жаракат алгандар үчүн депутаттардан канды Ак Үйдөн алып кетишти (сүрөт)

Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган депутаттар жана аппарат кызматкерлери Тажикстандын кол салуусунан жабыркагандар үчүн кан тапшырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин аталган өнөктүккө Ош шаарында иш алып барып жаткан депутаттар да кошулуп, донор болушкан.

Ал эми жарыяланган сүрөттөрдөн депутаттардан канды Ак Үйгө барып алышканын көрүүгө болот.