Баткенде жүргөн сел 3 баш бодо малды, 14 кой-эчкини агызып кетти

Кечээ, 23-июнь күнү түштөн кийин жааган нөшөрлүү жамгырдан кийин Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу аталган облустагы президенттин өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Сел суулары жалпы облус боюнча 16 турак үйдүн короосуна, 3 турак үйдүн жер төлөөсүнө, 2 мал сарайга кирген. Ошол замат ӨКМ жергиликтүү башкармалыктарынан ыкчам топтор тартылып, турак үйлөр сел сууларынан тазаланды. Сел 3 баш бодо мал, 14 баш майда малды агызып кеткен. Ошондой эле 19340 метр ички чарбалык жолго, 1100 метр унаа жолуна, 6000 метр ички чарбалык арыктарга, 4000 метр сай жээгине, 50 сотых эгин талааларына зыянын тийгизген. Жолдор сел калдыктарынан тазаланып, учурда унаа жолдор жана жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдор ачылды.

Мындан сырткары 5 бетон шакекче, 2 газ түтүкчөнүн тирегичи, “Тибет-Ажу” заводунун меши жана кышы жабыркаган. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин тапшырмасынын негизинде сел келген аймактарда ыкчам иш аракеттер жүрүүдө. ӨКМнин Баткен облусундагы башкармалыгынын ыкчам топтору, Жарандык коргонуу кызматтары менен бирге жеринде иш алып барууда. Табигый кырсык адам өмүрүнө зыян келтирген жок. Селден тазалоо иштери ыйгарым укуктуу өкүлдүн жеке көзөмөлүндө бүгүн дагы уланууда.