Баткенде кайрадан сел жүрдү (сүрөт)

Кечээ, 3-августта саат 17:40 чамасында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Лейлек айыл аймагындагы Ак-Терек айылында 11 турак үйдү, 8 турак үйдүн короосун сел каптады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ошондой эле, Ак-Суу айылында 2 турак үйдүн короосун, Катраң айылынын Таңгиоозу тилкесинде 4 турак үйдүн короосун, Калтарык тилкесинде 4 турак үйдүн короосун да сел каптаган.

«Мындан сырткары, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 318, 320-чакырымын, Өзгөрүш айылында Катраң-Өзгөрүш ички чарбалык жолунун айрым жерлерин сел каптаган. Жеринде №13 ЖТИден 1 погрузчик, 2 грейдер, 1 жүктөгүч тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле Лейлек райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу жана райондук комиссия тактоо иштерин жүргүзүшүүдө»,- деп айтылат маалыматта.

Жалпы район боюнча селдин тийгизген кесепети төмөнкүчө: