Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы облустун аймагында токтотулган Тажикстандын үч фурасы боюнча түшүндүрмө берди.
Мекеме тараткан маалыматка ылайык, Баткендин кире беришинде турган оор жүк ташыган автоунаалар кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу 7-майдан бери милиция кызматкерлери тарабынан кармалып турат.
«Эки өлкөнүн ИИМ жетекчилеринин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында бул кармалган фуралар Кыргыз жарандарынын тажик аймагында кармалган фураларына алмаштырылат», — деп айтылат маалыматта.
Алар 11-майда Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын автоунаа токтотуучу жайына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын коштоосунда Баткен шаарына алынып келе жаткан. Орто жолдо жергиликтүү тургундар менен түшүнбөстүктөр чыккан.