Баткенде кароосуз калган 6 баш уй Тажикстанга өтүп кеткен

Кароосуз калып, Тажикстандын аймагына өтүп кеткен мал өз ээсине кайтарылды. Бул тууралуу ИИМден  билдиришти.

27-ноябрь күнү Ак-Сай айылынын тургунунун 6 баш ую өзүнүн короосунан кароосуз калып, белгисиз жакка чыгып кеткен. Баткен РИИБдин милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзгөн учурда, мал Тажикстандын Ворух аймагына өтүп кеткени тастыкталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында, 29-ноябрь күнү Тажикстандын Исфара районунун Ворух РИИБдин милиция кызматкерлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, мал ээсине кайтарып берилди.