Чек ара жаңжалында каза тапкан Кыргыз жарандарынын саны 31ге жетти

Баткен жана Лейлек районундагы чек арадагы чырдан улам каза тапкан кыргыз жарандарынын саны саат 17:00гө карата 31ге жетти. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова брифинг маалында билдирди.

Чырдан жалпысынан 154 жаран жаракат алган: алардын 121и жай жаран, 23ү күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери.

Жаракат алган 24 адам атайын учак менен Баткенден Бишкекке алып келинип, алардын 19у Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, үчөө Улуттук госпиталга жана бирөө Улуттук хирургиялык борборго, дагы бирөө Гемодиализ борборуна жаткырылды.