Баткенде куткаруучулар үйдө бекилип калган наристени чыгарышты

Бүгүн, 12-апрель күнү саат 10:09 да Кызыл-Кыя шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринде бекилип калган 2 жаштагы наристени куткаруу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бул тууралуу алгачкы маалымат «101» байланыш кызматына түшкөн. Жерине саат 10:11де №62 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 офицер жана 2 куткаруучу тартылган. Натыйжада саат 10:21де эшикти ачып, наристени аман-эсен өз ата-энесине беришкен. Наристенин абалы жакшы. Жабыркагандар жок.