Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү башталды (сүрөт)

Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү башталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын делегациясын – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстандын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектейт. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар түзүлгөн кырдаалды жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы конфликтти жөнгө салуу боюнча мындан аркы аракеттерди талкуулайт.