Баткенде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча жолугушуу өттү

11-августтан 17-августка чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстандынн Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жыйыны Баткен шаарында болуп өттү.

Бул жолугушуунун жүрүшүндө тараптар талкууну улантып, калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүүсүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты. Тараптар калган аймактарды сыпаттоо иштерин келээрки жумада Тажикстандын аймагында боло турган кезектеги жолугушууда улантат. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өткөн.