Баткенде лицейде агайы тарабынан сабалган окуучу боюнча министрлик үн катты

Билим берүү жана илим министрлиги 24-январда “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинде орун алган окуяга байланыштуу балдардын укуктарын коргоо боюнча комиссия түзүлүп, жеринде анализге алуу үчүн даярдыктар жүрүп жаткандыгын билдирди.

Учурда бул окуя Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын көзөмөлүнө алынып, териштирүү иштери башталды.

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин жетекчилиги Кызыл-Кыя шаарындагы Раззаков атындагы лицейде балага кол көтөргөн педагогдун туура эмес аракеттеринен жабыр тарткан окуучулар менен алардын ата-энесинен кечирим сурап, тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана мугалим иштен бошотулгандыгын билдирди. Ал эми директордун жеке жоопкерчилиги Башкы дирекциянын педагогикалык кеңешинин чукул жыйынында каралат.

Социалдык тармактарда Кызыл-Кыядагы кыргыз-түрк «Сапат» билим берүү лицейинде мугалим окуучуну уруп жаткан видео тарады. Окуя боюнча Баткен ОИИБ маалымат берип, териштирүү жүрүп жатканын билдиришти.

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси маалымат таратып, жетекчилик жабыр тарткан окуучулар менен алардын ата-энесинен кечирим сурады.