Баткенде милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө

Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүп, башка күч түзүмдөрү менен биргеликте коомдук абалды көзөмөлдөшүүдө. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Баткен облусунун ИИБнын жана Согди облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-1, Арка-2, Достук, Жаштык айылдарында, Кулунду айыл аймагындагы Максат айылында Сада, Кулуңду айылдары менен Гафуров районунун айылдары менен чектешкен аймактарында биргелешкен кайгуулдар уюштурулуп, милиция кызматкерлери күнү-түнү кызмат өтөшүүдө. Ошондой эле, ар бир жарандын укуктары менен коопсуздугун сактоо максатында чек арага чектеш Баткен районундагы Ак-Сай, Таш-Тумшук, Орто-Боз, Көк-Терек, Көк-Таш, Самаркандек, Кызыл-Бел, Достук, Кара-Бак, Ак-Сай — Ворух, Бакай, Ак-Сай — Развилка аймактарында тосмо-посттору коюлуп, аталган айылдардын жашоочуларына түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Баткен ОИИБнын Жол коопсуздукту камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери атайын түзүлгөн багыттар менен күнү-түнү кайгуул жүргүзүүдө. Биргелешкен кайгуул кырдаалды турукташтыруу, чек арага чектеш аймактарда ар кандай укук бузууларды болтурбоо, бирдиктүү күч-аракеттер менен жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, коомдук тартипти сактоону көзөмөлдөө, эки элдин коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле чагымчыл аракеттерге жол бербөө, кылмыштуулукту болтурбоо максатында иштерди колго алышууда.

Азыркы учурда Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал туруктуу. Түнкү абал тынч, эч кандай терс көрүнүшсүз өттү. Баткенде Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев облустук ички иштер башкармалыгынын жана ИИМдин Ички аскерлеринин өздүк курамынын коомдук тартипти камсыздоодогу бардык аракеттерин координациялоо багытында иш-чараларын жүргүзүүдө.