Баткенде милициянын көчмө кабылдамасында дарыгерлер жана психологдор да иш алып барышууда

Кошумча милициянын көчмө кабылдамалары тартылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Баткен, Лейлек райондорундагы чек ара тилкелеринде чыккан ок атышуулардан улам жергиликтүү тургундар 29-30-апрель күндөрү милиция кызматкерлери тарабынан коопсуз жерлерге эвакуацияланып көпчүлүк турак-үйлөр бош калган. Азыркы күндө жергиликтүү тургундар өз аймактарына келип жашап жаткандыгына байланыштуу милиция кызматкерлери алардын коопсуздугун сактоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, арыз-кайрылууларын кабыл алышууда.

«Бүгүнкү күндө ИИМдин буйругу менен Ош, Жалал-Абад облустарындагы милициянын көчмө кабылдамалары кошумча жардамга келишип, жергиликтүү элге жардам берүүдө. Милициянын көчмө кабылдамасында милиция кызматкерлери менен биргеликте, дарыгер, психологдор иш алып барышууда. Азыркы күндө Баткен, Лейлек райондорундагы чек ара аймактарында абал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда», — деп айтылат маалыматта.