Баткенде митинг. Эл Мариповдун Төрткүл боюнча туура эмес маалымат бергенинен улам толкуп жатабы?

Бүгүн, 5-февралда Баткен облустук администрациясынын имаратынын алдында өкмөт башчы Улукбек Мариповдун Төрткүл суу сактагычы боюнча билдирүүсүнө байланыштуу жергиликтүүлөр митингге чыгышты. Бул тууралуу аталган аймактын тургундары SEREP MEDIA маалымат агенттигине кабарлашты.

Маалыматка ылайык, нааразычылык акциясына жүздөн ашык адам чыгып, чек ара боюнча эки элдин ортосуна от тамызбай так маалымат берүүнү талап кылып жатышууда. Алардын айтымында, маселени Жогорку Кеңештин депутаттары да көзөмөлгө алышы керек жана тилинен жаңылган Марипов сөзүн артка алып, күнөөсүн мойнуна алган расмий билдирүү таратышын талап кылып жатышат.

Мындан бир нече күн мурун премьер-министр Улукбек Марипов Баткен облусундагы Төрткүл суу сактагычына куйган каналдын башы Тажикстанга өтүп кеткенин айткан. Бирок кийин кайра өкмөт аталган суу сактагычына байланыштуу түшүндүрмө берип, Төрткүл жана ага кошулган каналдар Кыргыз мамлекетине тийиштүү экенин билдирген.