Баткенде 29-апрелде окко учкан чек арачы Нурсултан Манасбек уулунун сөөгү бүгүн, 1-майда Аксы районуна караштуу Дейрес-Сай айылында жерге берилет.
Тажиясы саат 12де болот. Маркум менен коштошуу зыйнатына жергиликтүү бийлик, Чек ара кызматынын өкүлдөрү, айылдаштары келишти.
Нурсултан Манасбек уулу Дейрес-Сай айылында 1992-жылы туулган. Төрт бир туугандын үчүнчүсү. Мектепти 2010-жылы аяктап, 2015-жылы жогорку аскердик окуу жайын бүтүргөн. Ошол эле жылы Чек ара кызматынын 2028-аскер бөлүгүндөгү 3-топтун командири болуп дайындалган. Чек ара кызматынын билдирүүсүндө, учурда жараат алган 154 кишинин 23ү күч кызматкерлери.