Баткенде окуучуну сабаган мугалим дагы 7 окуучуга кол көтөргөнү маалымдалды

Кызыл-Кыяда окуучуну сабаган кыргыз-түрк “Сапат” лицейинин мугалими андан башка дагы 7 окуучуга кол көтөргөн. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 29-январдагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 23-январда окуя боюнча комиссия түзүлүп, ал комиссия 2 күн иш алып барган. Орун басар жыйынтыгын жыйында окуду. “Окуучулардын арасында психологиялык тест жүргүздүк. Анын жыйынтыгында жеке эле бир бала эмес, дагы жети окуучу ошол мугалимден жабыркаган экен”, — деди ал.

Анын айтымында, жабыркагандар — 10-класстын окуучулары.

  • Социалдык тармактарда Кызыл-Кыядагы кыргыз-түрк «Сапат» билим берүү лицейинде мугалим окуучуну уруп жаткан видео тараган. “Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси маалымат таратып, жетекчилик жабыр тарткан окуучулар менен алардын ата-энесинен кечирим сурады. Окуя боюнча Баткен ОИИБден маалымат беришип, мугалимдин камакка алынганын билдиришкен.