Баткенде психикалык жактан жабыркаган аял бир жумадан бери дайынсыз

Баткенде психикалык жактан жабыркаган аял бир жумадан бери дайынсыз. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-майда болжол менен саат 08:30да 1968-жылы туулган Батма Мурзалиева аттуу Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну өзү жашаган үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Маалыматта анын психикалык жактан ооруй тургандыгы айтылат. Бул факты Баткен РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери жүрүп жатат.

Кийген кийимдери: үстүндө ак түстөгү көйнөк, башында ак түстөгү жоолук.
Белгилери: бою 160-175 см, кашы-көзү кара, арык-чырай келген, чачы кара узун.

«Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү аялды таанып, жүргөн жерин аныктап калса, төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: (03622) 5-17-56; 0774 77-86-88; 0709 73-66-37», — деп айтылат маалыматта.