«Баткенде Садыр Жапаров кабыл алам деген. Убадасын аткара элек» дейт видеосу менен чуу жараткан аксакал

Баткендеги чек ара жаңжалында жарактан чыккан үйлөрдүн катарында Боркош Мавлянов аксакалдын да үйү бар. Дал ошол окуядан соң “гуманитардык жардам жетпей калды” деп ыйлаган аксакалдын видеосу интернетке тарап, ага реакция кылгандар четтен чыккан эле. Мавляновдун айтымында, аны президент Садыр Жапаров кабыл алам деп убада берген. Борборго келгенине эки күн болгонуна карабай, ал дале ажонун кабыл алуусуна кире электигин айтты.

“Президент Баткенде эл менен жолугушуу учурунда мага да микрофон берилген. Ажобузга бир катар маслелерди айтып, анан «Баткен облусунун буга чейинки башчысы Өмүрбек Суваналиев кабыл албагандай, сизге да ишибиз чыкса, кабыл албай койбойсузбу?» деп суроо узаткам. Бул суроого Садыр Жапаров «биздин эшик 24 саат бою ачык, кабыл алам» деп сөз бергенинен Бишкекке келгем. Ал менен айылдын көйгөйлүү маселелерин сүйлөшөйүн дегем», – дейт каарманыбыз көзүнө жаш алып.

Ошону менен каарманыбыз президенттин кабыл алаарына ишенээрин айтат. “Бул жактагы балдардан сизди кабыл алат экен деген чалуу болоору менен Бишкекке келгем. Бирок эки күндөн бери “гостиницалап” жүрөм. Кабыл алат деп дагы эле ишенип жатам. Балким, анын айлана чөйрөсүндөгүлөр менин келгенимди жеткирбей жатабы же кандай болуп жатат билбейм”, — деди аксакал.