Баткенде сууга агып бара жаткан баланы куткарып калган жол сакчы медаль менен сыйланды

Баткенде сууда агып бара жаткан баланы куткарып калган жол сакчысы сыйланды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

8-октябрь күнү саат 10:30 чамасында Баткен ШИИБ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы милициянын майору Аскар Токоев жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөп жүрүп, Баткен шаарынын ичиндеги каналда агып бараткан баланы көрүп калган.

«Ошол замат сууга түшүп, агып бара жаткан баланын суудап алып чыгып, өмүрүн сактап калган. Бүгүн милициянын майору Аскар Токоевди президенттин Баткен облусундагы өкүлү чакырып, ыраазычылыгын билдирип, “Баткен облусуна 20 жыл” медалын тапшырды»,— дешти.