Баткенде суунун айынан нааразычылык жаралып, чек арачылар асманга ок чыгарышты

Баткендин Ак-Сай жергесинде суунун айынан нааразычылык жаралып, чек арачылар асманга ок чыгарышты. Бул тууралуу «Кактус» сайты өз булактарына таянуу менен жазды.

Маалыматка караганда, кечээ, 15-июнда Ак-Сай жергесиндеги жайлоодо жергиликтүү тургундар сугат суунун жоктугуна ачууланышып, суу Тажикстанга кетип жатат дешип нааразычылык билдире башташкан. Буга байланыштуу ал жерде чек арачылар асманга ок чыгарууга аргасыз болушкан. Жергиликтүү тургундар ошондо гана тынчтанып калышканы маалымдалат. Учурда түшүндүрүү иштери жүрүп жатканы жазылган.