Баткенде Тажикстандын аймагына кирип кеткен мал кайтарылды

Баткенде милиция кызматкерлери жарандарга Тажикстанга кирип кеткен малын кайтарып берди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Баткен районунун Самаркандек айылынын тургунунун ийри мүйүздүү малы жана дагы бир жарандын 1 баш ийри мүйүздүү малы Паскы-Арык айылында чек ара тилкесинде оттоп жүрүп, Тажикстандын Исфара районунун Чорку айылына 7-октябрь күнү кирип кеткен.

Самаркандек айылдык милиция бөлүмү менен Согди облусунун Исфара-2 РИИБдин милиция кызматкерлери сүйлөшүүлөрдүн негизинде 12-октябрь күнү кыргыз тараптын тажик тарапка өтүп кеткен 2 баш бодо мал кайтарылып, өз ээлерине тапшырылды.

Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери чек ара аймактарында эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга мал жандыктарына сак болуусун эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алган.