Баткенде талаш жерди тажик чек арачылары кайтарууга алды

Tajik border guards block the de facto entrance to the Tajik exclave of Vorukh.

Бүгүн, 11-февралда Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу баткендиктер социалдык тармактарга жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, митинг уюштурган 50гө жакын аталган аймактын тургундары бийликтен чек ара маселесине байланыштуу кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымат берүүнү талап кылышкан. Жана өкмөт тажик тарап менен талаш жерлерди тез арада чечип берүү керектигин билдиришкен.

Себеби жергиликтүү тургундардын айтымында, алар жашаган Капчыгай айылынын күн чыгыш тарабындагы Тандыр деп аталган төмөнкү жайыт жерди тажик чек арачылары 8-февралдан баштап кайтарууга алып, айыл элин киргизбей жатат. Бирок тажик чек арачылар киргизбей жаткан жер жергиликтүүлөрдүн айтымында аларга тийиштүү болгон.

Мындан улам SEREP MEDIA маалымат агенттиги өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнө кайрылып, чек ара маселеси боюнча сураганда мекеменин басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова аталган маселе боюнча жергиликтүүлөргө бүгүн, 11-февралда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү, Баткен районунун акими жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери барганын билдирди. Жолугушууда өкүлчүлүк тургундардын көйгөйүн угуп, таанышып маселе өкмөттүк деңгээлде каралаарын убадалашкан.