Баткенде тоодон түшө албай калган жаранга куткаруучулар барышты

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Орозбеков айыл аймагында ӨКМ куткаруучулары 61 жаштагы жаранды куткарышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 16-апрелде Орозбеков айыл аймагына караштуу Сары-Талаа жайлоосунда жаран тоодон өз алдынча түшө албай калып, жардамга муктаж экени боюнча билдирүү түшкөн.

Жерине ӨКМден 5 куткаруучу тартылып, жаранды тоодон аман-эсен түшүрүп беришкен.