Баткенде топографиялык топтордун кезектеги жыйыны өттү

11-сентябрдан 17-сентябрга чейин Баткен шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.  Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Бул жолугушуунун алкагында тараптар калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты жана бул ишти Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантууну чечишкен. Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өткөн.