Баткенде түнкүсүн тажик тарапка кирип кеткен жылкы ээсине кайтарылды

Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын милиция кызматкерлери сүйлөшүп, кыргыз тарап тажик тарапка кирип кеткен жылкыны кайтарып алды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

23-мартта түнкү саат 02:00 чамасында Кара-Бак айыл аймагынын 37 жаштагы тургунун 8 жашар жылкысы байланып турган жеринен бошонуп кетип, коңшулаш Тажикстандын Лаккан айыл аймагына кирип кеткен.

Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери сүйлөшүүлөрдүн негизинде 6-апрель күнү кыргыз тараптын тажик тарапка өтүп кеткен жылкысы кайтарылып, өз ээсине тапшырылды.

Милиция кызматкерлери чек ара аймактарында эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпестиктин жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга мал жандыктарына сак болуусун эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алган.