Баткендеги 8 айылдын тургундарын дарыгерлер акысыз текшеришти

Баткен облусунун алыскы сегиз айылынын жашоочуларын дарыгерлер акысыз текшеришти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

3-октябрдан 21-октябрга чейин онколог-маммолог, гинеколог, терапевт жана УДИ-адистерден турган дарыгерлердин командасы Лейлек жана Баткен райондорунун алыскы айылдарындагы аялдарды жана өспүрүм кыздарды акысыз текшерип жана кеңеш беришкен.