Баткендеги Ак-Суу капчыгайында дайынсыз болуп жаткан орусиялык альпинисттин жансыз денеси табылды

Орусиялык альпинист Евгений Глазуновдун жансыз денеси Баткен районундагы Ак-Суу (Лейлек) капчыгайында табылды. Бул тууралуу mountain.ru жазды.

Буга чейин ушул эле сайт маалымат таратып, орусиялык альпинист Евгений Глазунов Баткен районундагы Ак-Суу (Лейлек) капчыгайында дайынсыз болуп жатканын, анын акыркы 60 сааттан бери байланышка чыга электигин жазышкан. 

«Чаплинскийдин маршруту боюнча жалгыз кеткен. Ал кырга чыгып, көтөрүлүү сызыгы боюнча түшө баштаган. Акыркы жолу үч күн мурун, саат 15:00дө байланышка чыгып, «Крест» аймагында экенин, ылдый түшүүнү улантып жатканын билдирген», — деп айтылган билдирүүдө.

Кийин аны издөөгө ӨКМдин куткаруучулары чыгышкан болчу.