Баткендеги Ак-Суу капчыгайында орусиялык альпинист дайынсыз болуп жатат

Орусиялык альпинист Евгений Глазунов Баткен районундагы Ак-Суу (Лейлек) капчыгайында дайынсыз болуп жатат. Mountain.ru порталынын маалыматы боюнча, Евгений Глазунов акыркы 60 сааттан бери байланышка чыга элек.

«Чаплинскийдин маршруту боюнча жалгыз кеткен. Ал кырга чыгып, көтөрүлүү сызыгы боюнча түшө баштаган. Акыркы жолу үч күн мурун, саат 15:00дө байланышка чыгып, «Крест» аймагында экенин, ылдый түшүүнү улантып жатканын билдирген», — деп айтылат билдирүүдө.