Баткендеги борбордук стадионго төшөлгөн асфальтка чыккан чөп боюнча УКМК үн катты

Социалдык тармактын колдонуучулары Баткенде стадиондогу асфальтка чыккан чөптөрдүн сүрөтү менен бөлүшүштү. УКМК буга технологиялык төшөө процесси талаптарын бузуу менен аткарылгандыгы себеп болгонун билдиришти.

«Борбордук стадионду реконструкциялоонун алкагында подрядчы тарабынан асфальт төшөө иштери жүргүзүлдү. Бирок бул иштер технологиялык процесстин талаптарын бузуу менен аткарылган. УКМК бул абалды өз көзөмөлүнө алып, асфальт төшөө иштерин тийиштүү текшерүүгө алды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коомчулукка кошумча кабарлап турат»,- деп айтылат маалыматта.