Тажикстандын кол салуусунан каза болгон 19 жаштагы Арыстаналы уулу Асатбек бүгүн жерге берилет

Тажикстандын кол салуусунан 19 жаштагы Арыстаналы уулу Асатбек көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жакындары билдиришти.

Ал 2003-жылы Ала-Бука районуна караштуу Тенги айылында туулган. Катардагы жоокер Ала-Бука райондук аскер комиссиариаты тарабынан 2021-жылдын 17-сентябрында №2023 Айдаркен аскер бөлүгүнө чакырылган. Ал УКМКнын №2022 Капчыгай чек ара тозотунда өз аскердик милдетин аткарып жатып, 19 жашында көз жумду. Бүгүн жерге берилет.