Баткендеги жаңжалдын кесепетинен каза болгон Мадина Рахматжанованын сөөгү жерге берилди

Баткенде тажик аскерлеринин аткылоосунан каза болгон 12 жаштагы окуучу кыз, Лейлектин тургуну Мадина Рахматжанованын сөөгү бүгүн, 30-апрелде жерге берилди. Бул тууралуу анын айылдаштары билдиришти.

Мадина Рахматжанова ооруканага жетпей көз жумган. Апасын жана 11 жаштагы сиңдиси Нурдиананы алгач Исфанадагы Лейлек райондук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырышкан. Кийин экөөнү тең Бишкекке которушкан.

Айрым маалыматтарга караганда, ок атуу үзгүлтүксүз жүргөндүктөн апасы жараат алган кызынын жанына 40 мүнөткө чейин бара албай койгон.

Мадинаны бүгүн атасы жерге берди.