Баткендин айылдарында жарылбай калган снаряддар табылууда (сүрөт)

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя учурунда жана тажик тараптын артиллерияны колдонуусунун натыйжасында, Баткен районундагы бир катар калктуу конуштардын аймагынан жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

2-майдан баштап Коргоо министрлиги аталган заттарды зыянсыздандыруу жана жок кылуу боюнча атайын жумушчу топ түзүп, ага Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын Инженердик башкармалыгынын инженерлери тартылган.

«Аталган жумушчу топ Баткен жана Лейлек багыттарында, тактап айтканда Максат, Кулунду, Кара-Бак, Кызыл-Бел, Достук, Миң-Булак, Самаркандек, Орто-Боз, Көк-Таш, Аксай жана башка бир катар айылдарда иш жүргүзүшүүдө. Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын Инженердик башкармалыгынын өздүк курамы жергиликтүү тургундар менен жардыргыч заттардын жана жарылбай калган снаряддардын коркунучу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эгер табылса, аларга тийбестен, токтоосуз атайын миналарды тазалоо боюнча адистерге дароо кабарлоосун суранат», — деп айтылат маалыматта.