Баткендеги лицейде сабалган окуучу. Мугалим менен директордун орун басары жумуштан кетти

Социалдык тармактарда Кызыл-Кыядагы кыргыз-түрк «Сапат» билим берүү лицейинде мугалим окуучуну уруп жаткан видео тарады. Окуя боюнча Баткен ОИИБ маалымат берип, териштирүү жүрүп жатканын билдиришти.

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси маалымат таратып, жетекчилик жабыр тарткан окуучулар менен алардын ата-энесинен кечирим сурады.

«24-январда “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинде билим берүү мекемесине жарашпай турган жагымсыз окуя болду. Мекеменин жетекчилиги балага кол көтөргөн педагогдун туура эмес аракеттеринен жабыр тарткан окуучулар менен алардын ата-энесинен чын дилинен кечирим сурайт. Өз кезегинде жетекчилик Кызыл-Кыя шаарындагы Раззаков атындагы лицейдин администрациясы менен педагогуна тиешелүү чараларды көрдү, ошол эле учурда окуучулардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргойт. Тилекке каршы, “Сапат” таза, гумандуу иштеген башка педагогдордун ак эмгегине шек келтирген педагогдор кездешпей койбой турганын билдирет. 32 жылдык тарыхыбызда биз баланы зомбулуктун бардык түрүнөн коргоо принцибин жогору тутуу менен, баланын бардык кызыкчылыктарын камсыздоо максатында алардын укуктары менен кызыкчылыктарынын биринчи кезектелигин эске алуу менен иштеп келгенбиз жана иштей беребиз. Балага кол көтөрүү эч качан акталбайт жана биздин билим берүү мекемебизде жол берилбейт. Мугалим менен тарбия иштери боюнча директордун орун басары жумуштан бошотулду. Директордун жеке жоопкерчилиги Башкы дирекциянын педагогикалык кеңешинин чукул жыйынында каралат», — деп айтылат маалыматта.