Баткендеги сайдан эркек кишинин жансыз денеси табылды

Баткенде каза болгон жарандын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 15-апрелде Лейлек райондук Өзгөчө кырдалдар бөлүмүнө Сүлүктү шаарынын Тытты-Тоо тилкесиндеги сайда белгисиз жарандын жансыз денеси жаткандыгы айтылган. Ал жерге 5 куткаруучу тартылып, каза болгон белгисиз жарандын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Такталган маалыматка ылайык, маркумдун Сүлүктү шаарына караштуу Караул-Кыштак айылынын 1979-жылы туулган тургуну экени аныкталган.