Баткендеги шахтада 2 адам газга ууланды. Учурда абалдары кандай?

Бүгүн, 8-ноябрда ӨКМге Сүлүктү шаарында жайгашкан шахталардын биринде шахта урап түштү деген маалымат келип, ичинде адамдар калып калганы айтылган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ал жерге 6 куткаруучу тартылып, жерине барганда, шахта урабай эле ичинде 2 эркек киши тосмо орнотуп жатып газга ууланганды тастыкталды. Куткаруучулар ууланган 2 адамды чыгарууга жардам беришкен. Учурда абалдары жакшы.