Баткендеги шахтада калып калган жарандар куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бүгүн, 10-майда саат 19:25те Сүлүктү шаарында көмүр казуу учурунда 5 жаран газга ууланып, шахтанын ичинде калып калгандыгын билдиришкен.
Куткаруу ишине шаардагы Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынан 8 куткаруучу тартылып, жабыркаган жарандар Тез жардам кызматына өткөрүп берилген.