Баткендеги сырдуу үңкүргө саякат кылышты (видео)

28-ноябрь күнү президенттин Баткен облусундагы өкүлү, Баткен мамлекеттик университетинин ректору баштаган курам аталган облуста жайгашкан Мадыген геопаркына, Кан-и-Гут үңкүрүнө, ошол доордогу темир, күмүш эритүүчү мештерге экспедициялык саякат жасашты. Бул тууралуу Баткен мамлекеттик университетинен билдиришти.

Мадыген Баткен районунун Самаркандек айыл аймагында жайгашкан. Мезозой доорунан бери сакталып калган ландшафт, каньондордорду Марс планетасы менен салыштырса болот. Кээ бир тарыхый маалымат булактарына таянсак, Мадыген тоолору байыркы Сармат деңизинин түбү болгон. Ташка айланып, мыкты сакталып калган моллюскалар бүгүнкү күндө туристтерди кызыктырат.

Иш-чарада баяндамачы болгон БатМУнун доценти Кадыров Акжол экспедиция мүчөлөрүнө кеңири жана кызыктуу материалдарды жеткире алды.