Баткендеги үйдө камалып калган 3 жаштагы баланы куткаруучулар чыгарды

Баткенде бекилип калган үйдөгү бала куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 23-майда саат 12:38де Кызыл-Кыя шаарынын 1-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн батиринин биринде жаран үйүнүн эшигин ача албай калгандыгын «112» кызматына кабарлаган. Маалыматта аталган жаран үйүндө 3 жаштагы баласы бар экендигин билдирген. Шаардагы №62 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылып, терезе аркылуу эшикти ачып беришти. Бала апасына өткөрүп берилген. Абалы жакшы.