Баткенден эвакуация болуп, Бишкек жана Чүйдө убактылуу жашап жаткандарга акысыз көмүр берилип жатат. Даректер

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда чек ара окуясынан улам эвакуация болуп, убактылуу жашап жаткан Баткен жана Лейлек районунун тургундарына акысыз көмүр берилүүдө. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

«Кыргыз көмүр» ишканасы көмүрдү даректерге жеткирип, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жарандарга таркатууда көмөк көрсөтүүдө.

Көмүрдү төмөндөгү даректер боюнча алып кетсеңиздер болот:

16-январь: Баткен району — Дордой моторс/Кудайберген районундагы Мурманск 126 отун базасы.
Лейлек району — Дордой 2 Объездной отун базасы.

17-январь: Баткен району — Дордой 2 Объездной отун базасы.
Лейлек району — Дордой моторс/Кудайберген районундагы Мурманск 126 отун базасы.

18-январь: Баткен району — Дордой моторс/Кудайберген районундагы Мурманск 126 отун базасы.
Лейлек району — Ош Дордой 2 Объездной отун базасы.

Тизме боюнча келген жарандардын жанында паспорту болушу керек.