Баткенден эвакуацияланган 38 миңден ашуун адамга 26 психолог жардам көрсөтүүдө

Баткен облусунан эвакуацияланган 38 миң 59 адамга Кадамжайда 26 психолог жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

«Республикалык жана Оштогу психиатрия жана наркология борборлорунун адистери Баткендин тургундарына психологиялык жардам көрсөтүүдө. Баткен районунун чек арага жакын жайгашкан айылдарынын эвакуацияланган тургундарына саламаттык сактоо министрлигинин башкы адиси Гүласыл Сутуева жетектеген психиатр, психотерапевт жана клиникалык психологдордон турган 26 адис психологиялык жардам көрсөтүүдө», — дешти.