Баткендик эне уулун 5 жыл издеген. Аны Москвада көмүп коюшканы аныкталды

Беш жылдан бери дайынсыз кеткен Кыргыз жаранынын көмүлгөн жери аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен облусунун тургуну 2015-жылдан бери байланышпай, дайынсыз кеткен уулун издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен ИИМге кайрылган. Териштирүүдө ал 2013-жылы Москвага иштөө үчүн кетип, жакындары менен акыркы жолу 2015-жылы байланышканы белгилүү болгон. Ал Москва шаарынын Коньково районунда убактылуу жашап турган.

Жакын туугандары ал жоголгон күндөн тарта өз алдынча иштешкен, бирок натыйжа берген эмес. Кайрылуудан кийин ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен Москва шаарынын аймактык бөлүктөрү тарабынан комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон адам 2008-жылы орус жарандыгын алгандыгы аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында дайынсыз жоголду деп эсептелген Орусия жараны 2015-жылы 8-мартта Москва шаарында жайгашкан В.В.Виноградов атындагы шаардык клиникалык
ооруканасына Тез жардам кызматы аркылуу түшүп, ошол эле жылдын 19-мартында эки тараптуу пневмония менен ооруп, 2-реанимациялык бөлүмдө каза болгондугу аныкталган.

Ал эми каза болгон адамдын жакын туугандары өлгөндүгү тууралуу медициналык күбөлөндүрмө үчүн кайрылбагандыктан, 2015-жылдын 6-апрель күнү Москва шаарынын Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо башкармалыгынын Гагарин районундагы бөлүмү маркум өлгөндүгү тууралуу күбөлөндүрмө даярдалып, 11-апрель күнү мамлекеттин эсебинен көмүү үчүн өткөрүлүп берилген.

Азыркы учурда туугандарына кабар берилди.