Баткендиктер чек ара маселеси боюнча президентке кайрылуу жасашты

Бүгүн, 14-февралда Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун тургундары чогулушуп, президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жасашты. Бул тууралуу аталган аймактын жашоочусу Милан Садыкжан уулу Фейсбук социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.

Андагы видео кайрылуу аркылуу жергиликтүүлөр Жапаровдон, чек араны тейлеген органдардан, жергиликтүү бийлик органдарынан кыргыз-тажик чек арасындагы маселени тез арада чечип берүүнү талап кылышкан.

«Калың журт сизди колдоп берди. Шайлоо маалында чек араны тактоону тездетем деп айткансыз. Чек ара маселесине тез арада чечкиндүү кадамдарды жасаңыз. Кошуналар күндөн күнгө жылып келе жатат. Чек араны тактаган органдарга туура кадрдык тандоо жасаңыз», — деди жергиликтүү тургундардын бири.

Аны менен катар баткендиктер чек ара боюнча буга чейинки иштерди териштирип, жер саткан кызмат адамдарын жоопко тартууну суранышты.

Мындан бир нече күн мурун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн тургундары кыргыз айылдарынын жанында тажик тарап курулуш иштерин жүргүзүп жатканын айтып чыгышкан. Мындан улам өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү Кыргыз-Тажик тараптын чектеш тактала элек жер тилкелериндеги курулуштар боюнча эки тараптуу комиссия түзүлөөрүн билдиришкен. Бирок так убактысы айтылган эмес.