Баткендин айрым активисттери «Төрт-Күлдөгү маселени жаап жашыруу үчүн муфтияттагы чууну шоу кылып жатышат» дешет

Баткен облусунун тургундары социалдык тармактарда муфтияттагы акыркы окуяларды, УКМК тарабынан аныкталган кылмыш иштерди, экс-муфтий Максат Токтомушевдин кармалышын жөн гана өкмөттүн элди алаксытып жаткан шоусу деп эсептешүүдө. Алардын айтымында акыркы убактагы муфтияттын чуусу аркылуу Төрт-Күл суу сактагычындагы маселелер жаап жашырылып, көз жаздымда калып калды.

Баткен облусунун тургуну жана Төрт-Күл суу сактагычы боюнча социалдык тармактарда активдүү пикир айтып жаткан Атабек Баймурзаев SEREP MEDIA маалымат агенттигине интервью берди. Анын айтымында, өлкөдөгү акыркы окуялар, Мариповдун эл алдында уят болуп, жаңылып сүйлөп алганын унутта калтырыш үчүн жасалып жаткан маалыматтык манипуляция.

“Бул маалыматтык манипуляция жана аны өкмөт жасап жатат. Анткени Төрт-Күл боюнча өкмөт башчыбыздын жаңылыш сөзүнөн кийин элдин баары аны сөз кылып калбадыкпы. Андан кийин эле Тажикстандын ТИМинин эскертүүсү келди. Кыргыз тарап эч кандай реакция кылып, ал жер талаштуу аймак эмес, жөн гана жаңылыш сөз дегенге жараган жок.

Абал байкаганга курч, айтылган сөз кечирилгис күнөө. Тажик тарап Ак-Сайдагы жайытты кайтара баштады. Төрт-Күлдүн жогору жагындагы каналды такталбаган аймак деп атады. Бул боюнча коомчулук талап коё баштаганда элдин көңүлү муфтиятка бурулду да калды. Максатбек Токтомушевдин иши боюнча өкмөттүн бир дагы комментарий бериле электиги да бул ойдун жаралышына себеп болууда”, — деп билдирди Атабек Баймурзаев.

Ошондой эле бүгүн УКМКнын имаратынын алдында экс-муфтий Максат Токтомушевди колдогон митингде Дин иштери боюнча комиссиянын мурдагы башчысы Акин Токталиев да муфтияттын башкы эсепчиси 100 миң доллар пара менен кармалды деген өзүнчө шоу экенин айткан.