Баткендин Айгүл-Таш тоосунда гүлүн ачкан Айгүл! (сүрөт)

Фотограф Зафер Динжер социалдык тармактарындагы баракчасына Баткендин Айгүл-Таш тоосунда гүлүн ачкан Айгүл гүлүнүн сүрөттөрүн жүктөдү. Аталган сүрөтчү Кыргызстандын аймактарынан тартылган керемет кадрларды жарыялап турганы менен белгилүү.

Айгүл гүлү Баткен шаарынан 17 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Айгүл-Таш тоосунда өсүп, март айынын башында карды жиреп чыгат, апрель айынын орто ченинде гүлүн ачып, гүлү 10-15 күндөй сакталып турат. Узундугу 50-150 сантиметр, 1ден 20га чейин гүл байлайт. Айгүл гүлү 1978-жылы СССРдин кызыл китебине, 2004-жылы Кыргызстандын кызыл китебине кирген. Ай чыкканда коңгуроо сымал гүлү өйдө көтөрүлүп Айды карап жайылат, Ай батканда жерге ийилип гүлүн жабат. Ошол себептен «Айгүл» деп аталып калган.