Баткендин чек арага чектеш аймагында 2 улан дайынсыз жоголду

Баткен облусунда 2 жаран дайынсыз жок болуп жатат. Бул тууралуу Нурик Аблакулов аттуу Фейсбук колдонуучусу жазып чыкты.

Анын айтымында, Лейлек районунун Бешкент айылынын эки тургунун Тажикстандын солдаттары, түнү чатырында уктап жаткан жеринен келип токмоктоп, Тажикстанга алып кирип кеткен.

Интернет колдонуучусу билдирүүсүнө кошуп, тасма тиркеген.  Анда өзүн аталган айылдын тургунумун деп тааныштырган аял Кубат жана Дастан аттуу балдары дайынсыз болуп жатканын айтып, жардам сураган.

«Бул жакта Тажикстандын чек арачылары турат. Биздин да чек арачылар турсунчу деп айткан элем буга чейин. Балдарым ушул жерге цех салып жаткан үчүн бул жакта түнөп калышкан болчу. Азыр эми түнү менен жок.  Телефондору, кийимдери калыптыр. Жууркан-төшөгү уйпаланган. Өздөрү жок. Бут кийимдери бүт канга боёлгон. Кубат менен Дастанымды бирөөлөр алып кетип калган, мага жардам бергиле», — деп ыйлаган аял.