Баткендин Миң-Булак аймагында Тажикстанга суу берилип жатабы? Расмий жооп (видео)

1991-жылындагы Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин ортосундагы Ак-Суу дарыясындагы сууну бөлүштүрүү боюнча түзүлгөн келишимге ылайык, 1-октябрдан 1-апрелге чейин алты ай толугу менен Ак-Суу дарыясынан үзгүлтүксүз сууну кыргыз тарап пайдаланып, Төрт-Күл суу сактагычына суу куюлат. 1-апрелден баштап 1-июнга чейин келишимге ылайык, эки ай аралыгында Тажикстан жана Өзбекстан сууну пайдаланышат. Андан кийин 4 ай бою 1-октябрга чейинки аралыкта 1991-жылдагы келишимге ылайык, 3 мамлекет пайдаланып келет. Бул тууралуу Баткен башкы суу чарбасы башкармалыгынан маалымат беришти.

Төрт-Күл суу сактагычына куюучу суу каналынын Миң-Булак айылында жайгашкан 129-пикети аркылуу мурдагы келишимге ылайык суу берилип турган. Учурда 129-пикетинде тиешелүү кызматтар тарабынан оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары бүгүнкү күндө Кыргызстандын Самаркандек айыл аймагынын Орто-Сай жана Паскы-Арык айылдарына Тажикстанды аралап өткөн Кайырма, Жыйноо каналдары жана Карабак айыл аймагынын Достук айылына келүүчү сугат суу каналында тазалоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу сугат суу убактылуу токтотулган. Учурда сугат суу каналдарындагы тазалоо, оңдоп-түзөө иштери соңуна чыгып жатат, жакынкы бир сутка ичинде Баткен районунун Паскы-Арык, Орто-Сай жана Достук айылдарына сугат суусу берилет.

Баткен облусунун аймагында сугат суу боюнча жаралган көйгөйлүү маселерди жеринде чечүү үчүн өкмөттүн алдындагы суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин атайын өкүлү Нурдин Мийзамидинов иштеп жатат.